“Студенттердин жеке окуу планын уюштуруу жана электрондук журналдарды иштетүү” аталышындагы семинар башталды

Башкы Жаңылыктар

“Студенттердин жеке окуу планын уюштуруу жана электрондук журналдарды иштетүү” аталышындагы семинар башталды

Image

Адаптациялык жумалыктын алкагында уюштурулган семинарга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, пландоо-финансылык бөлүмүнүн начальниги Замир Пусур Тегин, окуу бөлүмүнүн начальниги Ибрагим Атабаев, Математика жана информациялык технологиялар, Физика-техника, Кыргыз-Кытай, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар, Бизнес жана менеджмент факультеттеринин деканынын орун басарлары, кафедра башчылар, методистер катышты.

Семинарда студенттердин жеке окуу планын уюштуруу жана электрондук журналдарды иштетүү боюнча жаңы окуу жылынан киргизилип жаткан электрондук прогаммалар презентацияланып, талкууланды.

Аталган программалар  жаңы окуу жылынан 1-курстар үчүн киргизилип, сыноодон өтөөрү айтылды. Эгер бул иш-аракет сыноодон ийгиликтүү өтсө кийинки окуу жылынан толук ишке аша баштайт. Бул программалар AVN системасы,  ОшМУ окутуучу, ОшМУ студент мобилдик тиркемелери аркылуу жүргүзүлөт.

Семинар график боюнча бардык факультет, колледждерде уюштурулат.

Фото галерея