Зордук-зомбулукка учураган адамдарды психологиялык- педагогикалык жактан алдын алуу

Башкы Жаңылыктар

Зордук-зомбулукка учураган адамдарды психологиялык- педагогикалык жактан алдын алуу

Image

ОшМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Акчач Жолдошева балдарга карата зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, кырдаалдан чыгуу жолдору жана анын алдын алуу жолдору боюнча республиканын педагогикалык кызматкерлеринин август кеңешмесинде мастер-класс өттү. Иш-чарага облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты. 
Мастер класста зордук-зомбулукка учураган адамдарды аныктоочу  диагностикалык тесттер, алгачкы психологиялык жардам, көнүгүүлөр жана медитациялар көрсөтүлүп, анын иштелип чыккан материалдары таркатылды
Эске салсак, ушул жумада 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата республиканын педагогикалык кызматкерлеринин август конференциясы “Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо коомду туруктуу өнүктүрүүнүн шарттары катары” деген темада өткөн. 
Конференциянын алкагында секциялык иш-чаралар 11 багыт боюнча мастер-класстар  жана билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мекемелерде окуу жылын уюштуруу боюнча нускамалык – методикалык консультациялар камтылган.

Фото галерея