ОшМУда Билим күнү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Билим күнү

Image

Бүгүн университеттин башкы корпусунда Билим күнү белгиленди. Ага  ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, 1-курска кабыл алынган студенттер катышты.
Жыйында окуу жай жетекчиси 2022-2023-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамына жана студенттерине кайрылуу жасады. Кайрылууда ОшМУда жасалып жаткан иштер, жетишкендиктер, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, келечек пландар боюнча маалыматтар камтылды.
Бул сыяктуу иш-чаралар окуу жайдын бардык факультет, коллеждеринде орун алды. 
Жаңы окуу жылынан окуу процесстерине бир топ өзгөрүүлөр кирүүдө. Алсак, студенттер сабакка QR код аркылуу катышып, окутуучулар алардын катышуусун жана жетишүүсүн электрондук журналга белгилешет. 
Бүгүн күндө ОшМУ 18 факультет, 1 Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектеби,  2 институт, 6 колледж, 1 илим изилдөөчү институт, 1 академия, 4 мектеп-гимназиясы,  1 лицей бар.

Фото галерея