Ректор К.Кожобековдун 2022-2023-окуу жылына карата кайрылуусу

Башкы Жаңылыктар

Ректор К.Кожобековдун 2022-2023-окуу жылына карата кайрылуусу

Image

2022-2023-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин
_________________________________________________________________

КАЙРЫЛУУСУ

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Ардактуу студент достор!

Окуу жайыбыздын гимназия-лицейлеринин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун окуучулары!

Баарыңыздарды 1-сентябрь билим майрамы, 2022-2023-окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүн биз тынымсыз өзгөрүп, жаңыланып жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Биз дагы кирип келген окуу жылын жаңы ийгиликтер, жаңы максаттар, стратегиялык пландар менен баштоонун алдында турабыз. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты - окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги алдынкы  университеттердин катарына кирүүбүз керек. Өзгөчө статус алган окуу жайлар үчүн академиялык, финасылык жана башкаруу саясатынын эркиндигинин берилүүсү окуу жайдын бийик максаттарын ишке ашырууга толук мүмкүндүчүлүк түзөт.

Өлкөдөгү бир топ окуу жайлар кайра түзүлүп, айрым институт, академиялар университеттерге бириктирилди. Ушул ирилештирүү саясатына ылайык түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири оку жай Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы менен бүтүндөй базасы ОшМУнун карамагына өттү. Бул мекемелердин аймагына ири курулуштарды баштап жатабыз. Учурдан пайдаланып окуу жайдын курамына кошулган мекемелердин студенттерин жана жамаатын жаңы окуу жылы, Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Биз биригип ынтымак менен бийик максаттарды ишке ашырабыз .

Өткөн окуу жылында бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга жетиштик.

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР

  • Акыркы бир жылда 40тан ашуун окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, эл аралык байланышыбыз бир топ кеңейди. ОшМУ АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Польша, Түштүк Корея, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече  ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.

 

  • Алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлдү. Мында эки жыл ОшМУда, эки жыл башка чет өлкөдөгү окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
     
  • Кош дипломдуу эл аралык биргелешкен билим берүү программалары Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрү менен ийгиликтүү ишке ашууда. Ал эми Испания, Түркия, Германия, Корея, Өзбекстандын бир нече  университеттери менен биргелешкен программаларды түзүү үстүндө иш-аракеттер жүрүүдө. Кош дипдомдуу билим берүү программаларынын саны 20га жакындап калды.
     
  • ОшМУ академиялык мобилдүүлүк жана интернационализация багытында дагы белгилүү ийгиликтерге жетүүдө. Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке барып, окуп, тажрыйба алмашып келүүдө. Академиялык мобилдүүлүктүн виртуалдуу формасы колго алынды.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯ ЖАНА РЕЙТИНГДЕРГЕ КАТЫШУУ

  • Эл аралык таанууга ээ болуш үчүн көз карандысыз аккредитацияга жана рейтингге катышуунун мааниси чоң. Бул багытта университеттин жамааты бир нече жылдан бери максаттуу иштерди аткарууда. Натыйжада дүйнөлүк төмөнкү рейтингдерге: QS, Times Higher Education, AARWU (Shanghai Ranking), US News University Ranking ж.б. катышууга жетишүүбүз керек.

 

  • Университетибиз НААР аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги  тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгы боюнча ГЕНЕРАЛДЫК  рейтингде катары менен 5 жыл 1-орунду камсыздап келүүдө.
  • «IAAR Eurasian University Rankings-2022» эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча  Ош мамлекеттик университети "НААР Евразия көп тармактуу университет” номинациясы менен сыйланды жана Евразия мейкиндигиндеги эң мыкты ТОП-10, Борбор Азияда ТОП-5 университеттин катарына кирди.  

ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ

Төртүнчү муундагы окуу жай ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ - үч компонентти бирдиктүү ишке ашырышы керек. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып,  жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуусу абзел.
 

Жаңы окуу жылынан тарта окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргизип жатабыз.  Башкача айтканда студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Ошондой эле студент тандаган кредиттик сааттары үчүн эркин төлөм жүргүзүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу жүктөмдөрүн аткара алат. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат.

Жогорку окуу жайларга илим-изилдөө багытында өзгөчө талаптар коюлду. Ар бир изилдөө, илимий эмгектер жана долбоорлор өндүрүш менен тыгыз байланышта болуп, ЖОЖ-илим-өндүрүш компоненттери бирдикте ишке ашырылышы керек.

 

  • Акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

 

  • Алгачкы жолу математика жана медицина багыты боюнча PhD докторантура ачылып, иштей баштады.

 

  • Илимий журналдарынын  ишмердүүлүгү  Open  Journal  System (OJS) платформасына өткөрүлдү. Бул платформага журнал толук  киргенден тартып илимий журналдын  ишмердүүлүгү электрондошот. Башкача айтканда макаланы бергенден тартып, журналга чыкканга чейинки аракет электрондук негизде жүрөт.

 

  • Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү”  программасына алкагында ОшМУнун  №2 жатканасы гранттык негиздеги "Алдыңкы тажрыйба борбору" долбоору аркылуу толук оңдоп-түзөөдөн өттү.  Аталган жатакананын 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алат. Аталган комплекстен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

 

  • Ошондой эле чөлкөмдүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн Президенттин Ош облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы менен биргеликте бир нече долбоорлор иштелип, турмушка ашууда.

ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА - ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА

Өткөн окуу жыл ичинде ОшМУда 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү: Димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу имаратынын курулушу, ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын, “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу аяктады. Медициналык клиниканын операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү, стоматологиялык клиника ишке кирди.

  • Учурда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде ветеринардык клиникасынын, “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулуштары башталды.
  • Жаңы окуу жылына карата дээрлик бардык факультет, колледждерде, структуралык бөлүмдөрдө оңдоп-түзөө иштери аяктады.

ОШМУ САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫН ИШКЕ АШЫРУУДА АЛДЫДА

Санарип чөйрөсүндө ички документ айлантуудан баштап, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер эч кандай кагаз көтөрүп жүрбөстөн мобилдик тиркемелер менен өзүнүн окуу жадыбал, сабакка катышуу ж.б. кыймыл-аракеттерин толук түрдө электрондук форматта ишке ашырууда. Жаңы окуу жылынан тарта  ОшМУга тапшырган  абитуриенттер электрондук түрдө арыз калтырып, ал арыз автоматтык түрдө АВН системасына катталууда. Мында убакыт үнөмдөлүп, абитуриенттер, ата-энелер, кызматкерлер үчүн бир топ ыңгайлуулук жаралды. Ал эми окуу жайдын электрондук платформасы толугу менен максималдуу ишке ашты: Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат.

Аталган программалар ОшМУнун программист-адистери тарабынан түзүлүп, КРдин Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан тастыктоочу күбөлүктөрү алынды.

ОШМУ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ОРДОСУ

          Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат. Биз жаштарга канчалык шарт түзсөк, алар ошончолук деңгээлде окуу жайдын аброюн көтөрүшөт. Илимий, чыгармачылык, спорттук, ишкердик, жаратмандык үчүн окуу жайда жетиштүү деңгээлде база жана колдоо болуусу абзел. Бардык багыттар боюнча окуу жайыбызда борборлор иштейт. 

  • Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык ОшМУда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштады.  Бул борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база болот.
  • “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй кыздар профессоналдык  клубу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык VIII ачык чемпионатында чемпион аталды. Аталган кыздар командасы түштүк аймагында жалгыз волейбол клубу болуп эсептелет. 

 

  • КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй балдар клубу вице-чемпион аталды.

 

  • Студенттерди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

 

  • Эң мыкты 6 студент КР Президентинин стипендиясын, 10 студент 1,200$ өлчөмүндөгү Атуулдук стипендия, 25 студент  Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы алышат.

 

  • Искусство факультетине студенттердин окуу шарттарын жакшыртуу максатында жалпы суммасы 1100000 (бир миллион жүз миң сом) сомдук улуттук музыкалык аспаптар сатылып алынды. Бул иш-аракеттер жаштардын өсүп-өнүгүүсү, коомго ар тараптан пайдалуу адис болуп калыптануусуна кызмат кылат.

 

Урматуу кесиптештер, студент достор! Биз көз ирмемдик тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жаткан дүйнөдө атаандаштыкка дайым даяр болуубуз керек. Алдыбызга коюлган милдеттерди дилгирлик менен кабыл алып, болгон ресурстук, илимий, кесиптик, инсандык потенциалыбызды колдонуп, ынтымак-биримдигибизди көрсөтүп дагы чоң бийиктиктерди багынтабыз деп ишенем.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

Ош МУнун ректору, профессор                       Кудайберди Кожобеков