ОшМУда жаштар бизнес паркы ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жаштар бизнес паркы ачылды

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин базасында Жаштар бизнес паркынын ачылышы аземи өттү. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган иш-чарага онлайн байланыш аркылуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри  Алмазбек Бейшеналиев, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, окутуучулар, студенттер катышты.

Саамалыктын алкагында PEAK Osh бизнес идеяларды өнүктүрүү борборунун менеджери Айдана  Маданбекова, Ага Хан фондунун өкүлү Искендер Кадыров жаштардын бизнес идеяларын колдоо багытындагы программалар боюнча маалымат беришти.

ОшМУнун Бизнес паркында уюштурулган сынактардан мыкты деп тандалып алынган  30 стартап-долбоорлор презентацияланды. Алар кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк, ден соолук туризм, туризм, мөмө-жемиштерди кургатып сатууга чыгаруу, окуу курстарын ачуу боюнча жазылган.  
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жаштардын бизнес долбоорлору үчүн окуу жайдан колдоо болоорун баса белгиледи.
Жаштар бизнес паркы ОшМУдагы  студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга чейин окутуп багыт берет. Ошондой эле мыкты бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн каражат табууга көмөктөшөт. 

Билим майрамын утурлай бир убакытта республиканын бир нече ЖОЖдорунда стартап борборлор ачылып, пайдаланууга берилди.
Ал эми жакында  ОшМУнун №12 кесиптик лицейинин базасында да чоң стартап борбор ачылат.

Фото галерея