Ординаторлор үчүн маалымат жыйын өттү

Башкы Жаңылыктар

Ординаторлор үчүн маалымат жыйын өттү

Image

Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун Стоматология бөлүмүнүн 1-курска кабыл алынган ординаторлоруна маалымат жыйыны өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынан, шаардык стоматологиялык поликлиникадан насаатчылар, Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева, стоматология бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Садыбакасова катышты. 
Жыйында ординаторлорго  2-жылдык окуусунда кандай иш-аракеттерди аткаруу керектиги, күндөлүктөрдүн, тиешелүү документтердин  туура толтурулушу, жумуш учурундагы кызматтык милдеттери боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарада ординаторлор кеңеши түзүлдү.
Бул окуу жылында Стоматология бөлүмүнө 113 ординатор окууга кабыл алынган. Иш-чара ар жылы өткөрүлүп келет. Максат кесипкөй, мыкты тиш дарыгерлерин даярдоо.

Фото галерея