Брунел университетинин профессору ОшМУда конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Брунел университетинин профессору ОшМУда конок лекция окуду

Image

Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Брунел университетинин аспирантура борборунун директору, ДЕРЕККА долбоорунун университеттеги өнөктөшү, профессор Татьяна Колганова ОшМУда болуп окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында  докторлук даражаларды илгерилетүү аркылуу Кыргызстандагы илимий-изилдөө жана инновациялык потенциалды чыңдоого багытталган ДЕРЕККА долбоору, алдыдагы пландар боюнча пикир алышып, даярдалып жаткан кызматташуу меморандумун талкуулашты.

Татьяна Колганова иш сапарынын экинчи күнү ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде “PhD докторанттар үчүн изилдөө методдору” деген темада лекция окуду. Лекцияга ОшМУнун PhD докторанттары, аспиранттары жана окутуучулары катышты.

Фото галерея