ЕУУ менен видео жолугушуу

Башкы Жаңылыктар

ЕУУ менен видео жолугушуу

Image

2 сентябрда ОшМУ жана Л.Гумилев атындагы ЕУУнин жетекчилеринин ортосунда кош диплом программасын ишке ашыруу боюнча видеоконференция уюштурулду.

Жыйынга казак тараптан филология факультетинин деканы А.Б.Байсенбай, котормонун теория жана практика кафедрасынын башчысы М.Ж.Эскендирова, эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Кармелюк, ал эми ОшМУ тарабынан эл аралык байланыштар департаментинин директору А. О. Абдувалиев, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Р.Ж.Сагындыкова, орус филология факультетинин деканы Г.Мадмарова катышты.

Жыйында тараптар кош диплом программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Жыйындын аягында ОшМУда казак таануу борборун ачууну макулдашты.