Эгемендик каармандары-2022

Башкы Жаңылыктар

Эгемендик каармандары-2022

Image

ОшМУнун  окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Замирбек Божонов  жана  кадрлар бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлсара Турдубаева “Эгемендик каармандары” төш белгиси жана диплому менен сыйланышты.

Сыйлык республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы уюштурган өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган салтанаттуу  кечеде тапшырылды.

Сыйлык ээлерин окуу жайдын жамаатынын атынан куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!