Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Image

Бишкекте 14-15-сентябрь күндөрү “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аталышындагы Ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өтөт.

Анда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулашат.

Форумдун уюштуруучулары - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму.