ОшМУнун кесиптик бирлигинин жыйыны өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кесиптик бирлигинин жыйыны өттү

Image

Аталган жыйынга ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А. Саттаров, окуу иштери боюнча проректору З. Божонов, окуу жайдын юристи У. Суеркулов, окуу-маалымат департаментинин башчысы И. Атабаев, жалпы факультет, колледж, лицей, гимназиялардын, структуралардын кесиптик бирлигинин төрага, төрайымдары, студенттик акыйкатчы катышты.

Жыйында жаңы 2022-2023-окуу жылына даярдыктар, өзгөрүүлөр боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын катышуучулары жаңы окуу жылына даярдыктар жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Жогорку кесиптик билим берүүнүн бакалавр даярдоо багыттары боюнча эксперименталдык окуу пландарын бекитүү тууралуу” иштелип чыккан эксперименталдык окуу планын негизинде университетте аткарылып жаткан иштер, өзгөрүүлөр боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Соңунда айтылган сунуш-пикирлердин жыйындысын камтыган чечим кабыл алынды. Бул чечимдердин негизинде окуу жайдын структуралары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.