Студенттер Кореяда билим алууда

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Кореяда билим алууда

Image

Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу жана африка таануу адистигинин 5 студенти Кореянын Тежон шаарындагы Ханбат улуттук университетине билим алууга кетишти. 
Студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестрин окуп келишет.  Аларды Ханбат университетинин жетекчилиги тосуп алып, университеттин жатаканасына жайгаштырышты.
ОшМУ Ханбат университети менен академиялык мобилдүүлүк боюнча 2019-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барууда. Буга чейин Ханбат университетинде 10дон ашуун студент билим алып келген. 
Студенттерди алмашып окутуу программасы ОшМУда 10 жылдан бери иштейт. Жылына орточо эсеп менен 300гө жакын студент чет өлкөлөрдө билим алып келет.

Фото галерея