Улуттук тазалык күнү өтөт

Башкы Жаңылыктар

Улуттук тазалык күнү өтөт

Image

Ишемби күнү, 17-сентябрда, «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.

Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү иреттеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз.

Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!

 

Булак:  Билим берүү жана илим министрлиги