ОшМУда программисттер күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда программисттер күнү белгиленди

Image

ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде 13-сентябрь - Программисттер күнү белгиленди. Майрамга карата ОшМУда окуган  программистердин арасында олимпиада уюштурулду.
Иш-чарага Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин  директору Д. Турсунов, түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн башчысы Н. Аркабаев, окутуучулар, студенттер катышты. ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, "Програм  менеджер" компаниясынын жетекчиси Т. Умаров,  BESOFT TEACH IT академиясынын директору Б. Тажибаевдер конок катары чакырылды.
Олимпиада www.olymp.krsu.edu.kg. онлайн платформасында өттү.  Катышууну каалаган студенттер алдын-ала катталып, андан соң порталда олимпиаданын тапшырмаларын аткарышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр автоматтык түрдө аныкталды. Алдыңкы орундарды ээлеген студенттер олимпиаданын негизги өнөктөшү болгон BESOFT TEACH IT академиясынын сертификаттарын жана баалуу белектери менен сыйланды.
Программисттер күнүнө арналган иш-чаранын максаты заман талабына ылайык иштелип чыккан жаңы программалар менен студенттерди тааныштыруу, багыт берүү жана программалоого кызыктыруу болуп саналат. 
Программисттер күнү жылдын 256-күнүндө (28) (бул 8 биттик байт менен туюндурула турган ар кандай маанилердин саны) белгиленип келет.

Фото галерея