ОшМУ "Мыкты өнөктөш окуу жай"

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ "Мыкты өнөктөш окуу жай"

Image

Бишкек шаарында өтүп жаткан ректорлордун дүйнөлүк формунун алкагында Польшанын Быдгощ экономикалык университетинин ректору Марек Шамот (Marek Chamot) Ош мамлекеттик университетине "Мыкты өнөктөш окуу жай" («Лучший парнер ВУЗ») сертификатын тапшырды.
Польшанын Быдгош шаарындагы Экономика университети - өлкөнүн түндүк бөлүгүнөн орун алган жеке менчик окуу жай. Мында 7000ге жакын студент 19 багытка таандык 80ге жакын адистик боюнча бакалаврат жана магистратурада 500дөн ашуун жогорку квалификациялуу адистерден билим алат. Гуманитардык жана техникалык багыттагы 7 факультет бар.
Ушул жылы аталган окуу жай ОшМУ менен окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлору, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок лекцияларды уюштуруу боюнча келишимге кол койгон.