ОшМУ EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсүнө катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсүнө катышып жатат

Image

Бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатат.

Ага 60 өлкөнүн ректору,  белгилүү окумуштуулар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, эл аралык билим берүү уюмдары катышуда. Программа боюнча ОшМУдан барган делегация живопись, графика, скульптура жана керамика боюнча эмгектер коюлган “Арт зона”, булгаарыдан, кийизден жасалган сувенирлер,  улуттук баалуулуктар камтылган “Этнозона”, студенттердин колунан жасалган ар кандай архитектуралык объектилердин макеттери, жаңы компьютердик программалар, робототехника жана илимий иштер коюлган «Студенттик стартап» көргөзмөлөрүн тартуулап жатышат.

Көргөзмөнүн максаты — инновациялык экосистемалардын жогорку окуу жайларындагы ролун көрсөтүү, студенттердин жана мугалимдердин колунан жаралган инновациялык ойлоп табууларды бир жерге чогултуу болуп саналат.

 

 

Фото галерея