ОшМУ «Түштүк Экспо-2022» көргөзмөсүнө катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Түштүк Экспо-2022» көргөзмөсүнө катышып жатат

Image

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы  С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Түштүк Экспо-2022» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. 
Иш-чарага ОшМУнун  Табият таануу,туризм жана айыл чарба технологиялары факультети менен Искусство факультетинин жамааты катышууда. Мында алар окутуучуларга, студенттерге тиешелүү эмгектерди коюшту.
Ошондой эле, өлкөнүн 7 облусунан жергиликтүү ишкерлер, коңшу Өзбекстандан, Россиядан жана Белоруссиядан өндүрүүчү компаниялар катышып жатат. 
 «Түштүк Экспо-2022” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жармаңкесинин максаты Ош облусунда эл аралык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспорттоого колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул иш-чара 2017-жылы башталып, алтынчы ирет өтүүдө.

Фото галерея