ОшМУга америкалык ыктыярчылар келишти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга америкалык ыктыярчылар келишти

Image

Бүгүн эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев Америкадан келген волонтер Темати Воол жана Фулбрайт окутуучусу Мариям Маликти кабыл алды. 
Жолугушууда конокторго университеттин тарыхы, масштабы, структурасы, окуу программалары аккредитациядагы ийгиликтери, рейтингдеги жетишкендиктери автоматташтырылган электрондук башкаруу системасы, эл аралык байланыштары, чет өлкөлүк өнөктөштөрү боюнча маалыматтарды берди. 
Ошондой эле ал ыктыярчылардын жардамында өнөктөштөрдүн санын көбөйтүү, talking clubдарды уюштуруп студенттердин тил билүү  деңгээлин жакшыртуу зарылдыгы бар экендигин белгиледи. 
Ал эми ыктыярчылар жылуу кабыл алгандыгы үчүн окуу жай жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, ОшМУнун окутуучуларына методикалык кеңештерди берүүгө, студенттерге англис тилин мыктылап үйрөтүүгө бардык күч аракеттертерин жумшай тургандыгын убадалашты. 
Ыктыярчылар 2022-2023-окуу жылында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде жана СТЕМ инновациялык колледжинде тажрыйба алмашуу, англис тилин үйрөтүү максатында келишкен.

Фото галерея