"ОшМУ Баткен менен" штабы түзүлдү

Башкы Жаңылыктар

"ОшМУ Баткен менен" штабы түзүлдү

Image

Баткен облусундагы чек ара аймагында түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу Ош мамлекеттик университети Ош шаардык мэриясы менен биргеликте  "ОшМУ Баткен менен" штабын түздү. Учурда Баткенден келген жана чет өлкөлөрдөн учак аркылуу  келген жарандар үчүн  окуу жайдын жатаканаларынан 500 орун даярдалды.  Ыктыярчылар топтолуп тосуп алуу, жеткирүү иштерин алып барып жатышат.  17-сентябрь,  00:30 убакысы боюнча жатаканага жайгашкандардын саны 32 жаранды түздү, алардын он беши жаш балдар. Ал эми 20 жаранды ОшМУнун окутуучуларына үйлөрүнө алып кетишти. Бардык жарандарга ысык тамактар берилип, биринчи медициналык жардамдар көрсөтүлдү жана зарыл каражаттар менен камсыз болушту. Жардандардан  окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков кабар алды. 

Окуу жайда  психолог жана медицина кызматкерлеринен мобилдүү тобу түзүлдү.  Учурда 100дөн ашуун ыктыярчылар келип жатканага жайгаштыруу, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди жеткирүү иштерин алып барып жатышат.

Ошол эле мезгилде окуу жайдын жамааты жууркан, кийим-кече, тамак-аш азыктары боюнча жардам колун созушууда.

Байланыш номерлер:

0773772259

0775076189

0772685768

Фото галерея