ОшМУда гумжардам чогултуу уланууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда гумжардам чогултуу уланууда

Image

Бүгүн 17-сентябрь ОшМУнун башкы корпусунда Баткен облусундагы чек ара аймагындагы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.
Окутуучулар,студенттер азык-түлүктөрдү, жууркан төшөктөрдү алып келишүүдө. Ошондой эле акчалай да жардам көрсөтүп жатышат.
Кечээ окуу жайда “ОшМУ Баткен менен”штабы түзүлгөн. Штабды ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жетектөөдө. Учурда Баткенден эвакуацияланган 63 жаран окуу жайдын жатаканаларына жайгаштырылды. ОшМУнун окутуучулук, профессордук курамынын чечими менен жардам иретинде 1 күндүк айлык акысын бөлүп берди.
Байланыш номерлер:
0773772259
0775076189
0772685768

 

Фото галерея