Сүйүнчү, Эламан төрөлдү

Башкы Жаңылыктар

Сүйүнчү, Эламан төрөлдү

Image

Бүгүн, 19-сентябрда жоготкон эр азамат уулдарыбызды эскерип турганда Баткен шаарынын тургуну, ОшМУнун жатаканасына эвакуацияланган эл менен келип жайгашкан 1994-жылкы Каныкей көз жарды. Каныкейди жатаканадан кече керектүү каражаттар менен камсыздап, бата берип узатышкан эле.

Сүйүнүчтүү кабарды уккан окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, "ОшМУ Баткен менен" штабынын жетекчиси Жылдыз Артыковалар барып кабар алышты. Элдин уулу болсун, намыска жараган эр азамат болсун, эл аман болсун деген тилекте Эламан атын коюшту.

  "Баткен шаарында турабыз. Бүгүн минтип төртүнчү перзенттүү болдук. Эламан деп ат койдук. Эл-журтубуз аман болсун. Үч уулубуз бар эле чоңу Элчибек, ортончусу Мухаммед,  кийинкиси  Эльдар эле,  кичүүсү  Эламан болду. Кубанычымда чек жок, сүйүнүп отурам. Кайрымдуу элибизге ыраазычылык билдирем",- деди Баткен шаарынын тургуну Абдуллаев Тынчтыкбек.

Фото галерея