ОшМУнун эки бүтүрүүчүсү жыл мыктылары болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эки бүтүрүүчүсү жыл мыктылары болду

Image

Ош шаардык мэриясы менен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо сынагында окуу жайдын бүтүрүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу баш байге  автоунааны  жеңип алды. Нурсултан Акылбек уулу ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетин 2016-жылы аяктап, учурда шаардагы №52 мектеп-лицейинде математика мугалими болуп эмгектенет.
Ал эми Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 2011-жылкы бүтүрүүчүсү Гүлназ Түленбаева “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” деп табылып, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Бүгүнкү күндө Гүлназ Түленбаева шаардагы №39 “Күн нуру” балдар бакчасында тарбиячы болуп иштейт.
“Жылдын мыкты мугалими-2022" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” кароо сынагына жалпы 12 педагог катышкан болсо, анын тогузу ОшМУнун бүтүрүүчүсү. Бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун атынан Ыраазычылык баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар берилди.Кароо сынак бир нече этапта өткөрүлүп, чечүүчү баскычы  бүгүн болуп өттү.

Фото галерея