Баткен облусунан келген 12 окуучу билим алуусун улантууда

Башкы Жаңылыктар

Баткен облусунан келген 12 окуучу билим алуусун улантууда

Image

Баткен облусунун Тажикистан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген жарандардын балдары ОшМУнун «Билим» лицейинде убактылуу билимин улантып жатышат. «Билим» лицейинин мугалимдери буга чейин ата-энелер менен жолугуп, балдардын лицейдеги окуучулар менен биргеликте билим алып туруусуна көмөктөшөрүн айтышкан. 19-сентябрдан тартып 5-класска беш окуучу, 6-класска- эки окуучу, 7-класска – үч окуучу, 8-9-класстарга бирден окуучу келип кошулуп, балдар менен биргеликте билим алып баштаган.

“Окуу жайдын жетекчилигинин сунушу менен учурда макул болгон ата-энелердин балдарын окуучуларга кошуп окутуп жатабыз. Аларга катышуу эркин, лицейдин жамааты тарабынан окуучулар окуу куралдары менен камсыз болушту. Балдар үзгүлтүккө учуратпай окуусун улантып, окуучулар менен достошуп күнүн мазмундуу өткөрсө деген максатта уюштурдук. Азыр кызыгып келип катышып жатышат. Андан сырткары окуучуларыбыздын демилгеси менен “Кайрымдуу бол” акциясы да уюштурулду”,-деди “Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушева.

 ОшМУнун алдында 4 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч билим берүү борбору бар. ОшМУнун мектеп-гимназияларынын тажрыйбалуу мугалимдери мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдерин  тереңдетип окутушат.

Фото галерея