ОшМУнун ректору К.Кожобековдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору К.Кожобековдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Image

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынган күнү менен куттуктайм! Бүгүн күн майрам гана эмес, жоопкерчиликтин, эсеп берүүнүн, алдыга чоң максаттарды коюунун күнү. Не бир татаал мезгилде, кыйчалыш замандарда, кыргыз эли түгөнөрдө кайра түтөп, үзүлөрдө уланып, тил менен кошо ушул күнгө чейин жетип келди. Кыргыз тили жан дүйнөнүн-поэзиянын, акылдын - илимдин, ынтымактын - дипломатиянын тили катары өз кызматын кемчиликсиз аткарып келе жатат. Түрк тилдеринин ичинен эң байыркы, тамыр тил, өзөк тил экенин бүтүндөй боордош элдер моюндап, илимий чоң жыйындарда, эмгектеринде белгилеп жатышат. Билим берүү тармагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүчү, калк арасында кадырын сактоочу бирден-бир негизги тармак. 
Бул багытта Ош мамлекеттик университети бир топ изги иштерди баштап, чоң долбоорлорду жүзөгө ашырууга белсенип жатат. Мамлекеттик тил борборунун жаңы базасы түзүлүп, бир гана студенттерди тейлебестен бүтүндөй түштүк аймагындагы жарандарды окутууга, тилдик деңгээлдерин аныктоого кызмат кылат. 
‌Бүгүн ааламдашуу заманында кыргыз тили жаңы технологиянын тилине айланышы зарыл. "акылдуу үй", "акылдуу буюм-тайымдар", "акылдуу техника", "акылдуу такта"  деген терминдер жашообузга терең сиңип баратканда, ар бир заттан, буюмдардан, экран, үндөмөлөрдөн кыргыз тилинде сөздөр, буюртмалар, кайрылуулар угулуп турушу керек. ОшМУнун программисттери тарабынан бир нече программалык жабдуулар кыргыз тилинде иштелип чыкты. Мындан ары да чоң максат-тилектерди ишке ашырууга даяр турушат. Мамлекеттик тил - улуттук өзөктүн, , мамлекеттүлүктүн, көз карандысыздыктын кепили. Тил менен кошо элдин маданияты, каада-салты, тарыхы, жан дүйнө байлыгы жашайт. Аны сактоого баарыбыз милдеттүүбүз.  Кадырман мекендештер! Кылым карыткан кыргыз тили эл менен кошо түбөлүк жашасын! Майрам кут болсун!

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Гапаралиевич Кожобеков.