Студенттик долбоорлор сынагында жеңүүчү болгон Айдай Чилаева сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Студенттик долбоорлор сынагында жеңүүчү болгон Айдай Чилаева сыйланды

Image

Бүгүн Ош шаардык мэриясында “Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу студенттер арасындагы долбоорлор сынагында жеңишке жеткендерди сыйлоо аземи болду. 
Мында ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова мамлекеттик тилди жайылтууга кошкон салымы жана  тыгыз кызматташтыгы үчүн мэриянын  Ыраазычылык  баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Ал эми ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Айдай Чилаева  «Робот официант» долбоору үчүн 1-орунду алып, I диплом  жана  акчалай сыйлыкка татыды. 
Буга чейин окуу жайдын базасында мамлекеттик тилди жаңы маалымат технологиялар аркылуу жайылтууга багытталган студенттик долбоорлор сынагы болуп, ага ОшМУ,ОшТУ жана Ош КУУнун студенттери катышкан.

Фото галерея