Куурчак театры балдардын маанайын көтөрдү

Башкы Жаңылыктар

Куурчак театры балдардын маанайын көтөрдү

Image

Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры бүгүн, 23-сентябрда ОшМУнун жатаканаларына Баткен облусунун чек ара аймактарынан эвакуацияланып келген жарандардын балдарынын маанайын көтөрдү. Чыгармачыл жамаат Бурул Асакееванын “Жолборстайдын жоруктары” чыгармасын коюп беришти. 

“Биз бүгүн ОшТВ менен биргеликте балдарыбыздын маанайын аз да болсо көтөрүлө деп келдик. Бир жагынан бүгүн мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат. Элибизде дайым тынччылык болсун, балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын”,-дейт театрдын көркөм жетекчиси Ишен Боронбаев.

Фото галерея