Поморск академиясы ОшМУ менен кызматташуу алакаларын кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

Поморск академиясы ОшМУ менен кызматташуу алакаларын кеңейтет

Image

Бүгүн, 24-сентябрь Польшанын Слупск шаарындагы Поморск академиясынын ректору Збигнев Осадавский баштаган делегация ОшМУга келди. Алар университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаевдер  баштаган структура жетекчилери менен жолугуп, кызматташуу алакаларын талкуулады.
Буга чейинки келишимге кошумча багыттар кошулгандыктан, жаңы келишимге кол коюлду. Анда окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлорду, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок лекцияларды уюштуруу сыяктуу иш-аракеттер камтылган. 
Бүгүнкү күндө, ОшМУ Польшанын 3 жогорку окуу жайы: Быдгош экономикалык университети, Белосток улуттук университети жана Поморск академиясы менен кызматташат.Ал эми  Поморск академиясы менен ОшМУ 2 жылдан бери кызматташып келет.  Поморск академиясынан келген делегация бүгүн окуу жайдын Кыргыз-кытай, Искусство, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде жана Ак-Буура кампусунда болуп, окуу жайдын билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышат.

Фото галерея