ОшМУ Түндүк-Батыш мамлекеттик медициналык университети менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Түндүк-Батыш мамлекеттик медициналык университети менен меморандумга кол койду

Image

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, Медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасынын доценти А. Саттаров, нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын доценти Б. Кенешбаев, эл аралык медицина факультетинин нормалдуу анатомия жана гистология, физиология кафедрасынын башчысы С. Жолдубаев Санкт-Петербург шаарындагы И.И. Мечников атындагы Түндүк-Батыш  мамлекеттик медициналык университетинде өткөн «XXI кылымдын морфологиясынын маселелери: изилдөө, диагностика жана окутуудагы инновациялык технологиялар»  аттуу илимий-практикалык конференцияга  катышты.

Делагация иш сапардын алкагында окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн меморандуму боюнча пикир алышты жана меморандумга кол коюлду. 

Меморандумда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, төгөрөк столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Фото галерея