Кыргыз мамлекеттик университетинен келген делегация ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз мамлекеттик университетинен келген делегация ОшМУда

Image

ОшМУга тажрыйба алмашуу максатында  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен келген делегация  окуу жайдагы структура жетекчилери менен жолугуп, пикир алышып жатат. Делегациянын курамында КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Садыкбек кызы Жайна,  Билим берүү программаларынын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү борборунун башчысы Айгул Чалданбаева, Маалыматтык технологиялар жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов,  Маалыматтык технологиялар жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн кызматкери Санжар Конуровдор бар.  

 Делегация окуу жайга жогорку окуу жайлардын жаштар саясаты чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча маалымат алмашуу, билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү, эл аралык рейтингдерге катышуу жана билим берүү процессинин бардык түзүмдөрүнө санариптештирүүнү киргизүү боюнча ОшМУдагы жасалып жаткан иштер менен таанышуу, маалымат алмашуу максатында келишкен.  

“Буга чейин ОшМУ менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим  түзүлгөн. Бул келишимге ылайык учурда делегация тиешелүү структураларда болушуп, тажрыйба алмашып жатышат. Күндүн экинчи бөлүгүндө окуу жайдын факультеттеринде, колледждеринде билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышышат”,-деди студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова.

Фото галерея