Студенттер Kahoot программасында күч сынашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Kahoot программасында күч сынашты

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган “Кыргыз тилин ата-бабам сактаган, тилим менен сыймыктанам, даңктанам!” аталышында ОшМУнун студенттери арасында кароо-сынак болуп өттү.

Сынак аталган факультеттин №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын улук окутуучулары Гулзар Мамадиева жана Жазгул Максутовалар тарабынан жарык көргөн “Окуу-дидактикалык тапшырмалар” китебинин негизинде Kahoot программасы аркылуу уюштурулду.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген МИТ факультетинин ПМИ(б)-1-22 тайпасынын студенти Момунова Зарина диплом жана  2500 сом, 2-орунду ээлеген Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Меражова Даткайым диплом жана 1500 сом, 3-орунду ээлеген Орус филологиясы факультетинин ЛМК(б)-1-22 тайпасынын студенти Алмамат кызы Гүлкайыр диплом жана 1000 сом акчалай сыйлык  менен сыйланышты. Мындан сырткары алдыңкы 7 студентке китептер белекке берилди. Иш-чара маданий программа менен коштолду.

Фото галерея