Кыргызстандык педагог Эл аралык фестивалда биринчи орунду алды

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандык педагог Эл аралык фестивалда биринчи орунду алды

Image

Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Астана шаарында өтүп жаткан II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунга ээ болду.

Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына ушул жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабында жолдомо алган.

Аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышты.

Белгилей кетсек, учурда Астана шаарында “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.

https://edu.gov.kg/posts/910/

Фото галерея