Студенттер корей элинин маданияты менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер корей элинин маданияты менен таанышты

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинде Кореянын улуттук маданияты менен таанышуу кечеси уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарындагы Седжонг институтунун директору Ким Джонг Енг, Кореядан келген окутуучулар Ли Гю Ми, Жоң Жин Хун, окуу жайдын окутуучулары, студенттери жана коноктор катышты.

Корей маданиятын өздөштүрүү жана тааныштыруу максатында уюштурулган кечеде аймак таануу адистигинде корей тилинен билим алган студенттер  корей элинин улуттук ыр, бийлерин аткарып, улуттук маданиятын көрсөтүп беришти. Кечеге катышкан бардык студенттер корей элинин улуттук оюндарын ойношуп белектерге ээ болушту.

“Кореянын Сеул университетинен 2 айга келген илимдин доктору Ким Хён Сук бул аралыкта корей маданиятына кызыккан студенттерге жана мектеп окуучуларына жуманын жума жана ишемби күндөрү улуттук даамдарды жасоону үйрөтүп жаткан. Бүгүнкү кечеде  капуста жана болгар калемпиринен өзгөчө жасалуучу улуттук даамы болгон кимчини жасоо ыкмалары көрсөтүп берди. Бул процесске катышкан студенттер өзү жасаган кимчини үйүнө алып кетип, даамын татып көрөт. Тамактын бул түрү ден соолукка пайдалуу болгондуктан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине да киргизилген”, -деди ОшМУнун  корей тили мугалими жана ОшМУдагы Седжонг II институтунун координатору Арууке Султанова.

Фото галерея