Илимий техникалык изилдөөлөрдүн жетишкендиктери 

Башкы Жаңылыктар

Илимий техникалык изилдөөлөрдүн жетишкендиктери 

Image

Бүгүн 1-ноябрь университетте илимий техникалык изилдөөлөрдүн жетишкендиктеринин көргөзмөсү өттү. Ага илимдин бардык багыттары боюнча факультеттердин окутуучулары, студенттери катышты. 
Көргөзмөдө инновациялык долбоорлор, стартаптар, студенттердин изилдөө иштери, IT технология, чыгармачылык өнөр, ойлоп табуучулук боюнча патенттер, магистрлер ойлоп тапкан конструкциялар, профессордук-окутуучулук курамдын окуу жана илимий эмгектери коюлду. 
Алардын мыктыларын аныктоо үчүн  атайын топ түзүлүп, критерийдин негизинде иш алып барышат. Жеңүүчүлөргө окуу жайдын жетекчилиги тарабынан сыйлыктар ыйгарылат.
Иш-чаранын максаты профессордук-окутуучулук жамааттын илимий  техникалык изилдөөлөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтүү,  мыктыларын тандоо. Жыйынтыгында мыкты делген эмгектер  2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата өткөрүлүп жаткан көргөзмөгө коюлат.

Фото галерея