Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү илгерилетүү

Башкы Жаңылыктар

Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү илгерилетүү

Image

2022-жылдын 3 жана 4-ноябрында Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү илгерилетүү: аймактык перспективалар жана тажрыйба” субрегионалдык конференциясы өттү.

Ага ОшМУдан Дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректор Таасилкан Жумабаева баштаган делегация барып катышып келди.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, педагогдор, эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр билим берүү тармагында туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы практикаларын колдонуу боюнча тажрыйба алмашып, мектептик билим берүүнү адаптациялоо жана жайылтуу планын иштеп чыгуу үчүн проблемаларды чечүүнүн көйгөйлөрүн Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү концепциясын талкуулашты.

Аймактык жолугушуу климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын азайышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, чыр-чатактар, басмырлоо сыяктуу туруктуу өнүгүүнүн чакырыктары жөнүндө маалымдоого, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдөгү билим берүүнүн ролун түшүнүүгө багытталган.

Фото галерея