ОшМУнун окутуучулары Наманган инженер-курулуш институтунда конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Наманган инженер-курулуш институтунда конок лекция окуду

Image

2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү ОшМУнун  Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын доценттери Айбек Токторбаев, Улукбек Сактанов, Бүажар Көчкөнбаева Өзбекстандын Наманган инженер-курулуш институтуна иш сапары менен барышты.

Мында алар институттун Курулуш технологиясы факультетинин студенттерине автоматтык башкаруу теориясы жана информациялык системалардын интерфейстерин проектирлөө дисциплинасы боюнча лекциялык сабактарды өтүп беришти.

Иш сапардын алкагында Информациялык системалар жана технологиялар адистигине биргелешкен билим берүү, кош дипломдуулук боюнча программаларды ачуу жана тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Наманган инженер-курулуш институтунун ректору Шариббой Эргашев окутуучуларга ыраазычылыгын билдирип, мыкты лекциялык сабактарды өтүп беришкени үчүн сертификаттарды тапшырган.

Фото галерея