«ОшМУга саякат» берүүсү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде

Башкы Жаңылыктар

«ОшМУга саякат» берүүсү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде

"Үмүт" телестудиясынын факультеттерге болгон кезектеги саякатты Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уланды. Бул көрсөтүүдө билим алууга түзүлгөн шарттар, илимий, өндүрүштүк базалар жөнүндө маалыматтар берилген.

1951-жылы Ош педагогикалык институтунун карамагында орус жана кыргыз филология бөлүмдөрүнөн турган филология факультети ачылган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин буйругунун, ректораттын чечими менен өз алдынча  эки факультет болуп бөлүнгөн. 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн.    

Даярдагандар: «Үмүт” телестудиясынын “ОшМУга саякат” берүүсүнүн алып баруучусу Айпери Мамытбекова. Оператору Нурсултан Бакай уулу. Монтаждаган Жолдош Шермаматов.