ОшМУнун жаш илимпозу "Илимде чек жок" аттуу жаш окумуштуулардын форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жаш илимпозу "Илимде чек жок" аттуу жаш окумуштуулардын форумуна катышты

Image

Орусиянын Нижний Новгород шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин  "Илимде чек жок" аттуу жаш окумуштуулардын форуму өттү.

 Бул форумга 12 мамлекетин жаш илимпоздору катышышты. ОшМУдан “Жаш илимпоздор” кеңешинин төрөгасы Эмиль Сагынбаев катышып, өзүнүн илимий изилдөө темасына ылайык баяндама жасады.

Форум Орусиянын илимдер академиясы, КМШнын аткаруу комитети, Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Нижний Новгород облусунун өкмөтү, Н.И. Лобачевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик университети,  “Сколково” фонду тарабынан демилгеленип уюштурулган.

Фото галерея