«Билим» лицейинин жаңы окуу корпусу ачылды

Башкы Жаңылыктар

«Билим» лицейинин жаңы окуу корпусу ачылды

Image

ОшМУнун “Билим” лицейи үчүн курулган окуу имаратынын ачылыш аземи өттү. Саамалыкка Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, ата-энелер катышты.
"Окуу жайдын "Билим" лицейин көп угуп жүрөбүз. Билим уясынан тарбия алган окуучулардын Алтын сертификат алгандыгы педагогикалык жамааттын жогорку ишмердүүлүгүн чагылдырып турат. Университеттин алдындагы мындай  лицейлер башка ЖОЖдорго да үлгү болуш керек. Билим берип жаткан мугалимдерге, балдарына көмөк көрсөтүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Илим күнүндө мындай окуу имараттын ачылып жатканы жакшы жышаан. Илимдүү, билимдүү балдар тарбиялансын", - деди министр Уланбек Мамбетакунов. Ошондой эле, өзү ала келген математика боюнча олимпиадага даярдоо китептерин белекке тапшырды.
Жаңы пайдаланууга берилип жаткан окуу корпусу 3 кабаттан турат. Имаратта окуу кааналар, лабораториялар,   коференц залдар, гимнастикалык залдар, китепкана  бар. Бардык окуу кааналар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.
ОшМУнун ички каражатынан каржыланган окуу корпусунун курулушу 2021-жылдын 15-июлунда башталган. 
ОшМУнун "Билим" лицейи 2012-2013-окуу жылында ошол мезгилдеги окуу жайдын ректору, профессор Каныбек Исаковдун демилгеси менен ачылган. Учурда 5-класстан 11-класска чейинки улан-кыздар мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдер боюнча тереңдетилген билим алышат. ЖРТга даярдоодон өтүшөт.  
Бүгүнкү күндө лицейде 205 окуучу билим алат. Буга чейин лицейдин 2 окуучусу Алтын сертификаттын, 11окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээлери болгон.

Фото галерея