ЖАШТАР КҮНҮ: ДЕПУТАТ ЖАШТАР МЕНЕН

Башкы Жаңылыктар

ЖАШТАР КҮНҮ: ДЕПУТАТ ЖАШТАР МЕНЕН

Image

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана Илим күнүнө карата окуу жайдын студенттик акыйкатчы аппараты ОшМУнун социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова менен биргеликте "Депутат жаштар менен" аттуу тегерек стол уюштурду.

Кечеге Ош шаардык кеңешинин депутаты, журналист Хулькар Исамова конок катары чакырылды. Жолугушууда Тарых факультетинин студенти  Бекжан Жумабаев «Жаштардын коомдогу орду», STEM инновациялык коллежинин студенти  Азизбек кызы Мээримай “Жаштар бул - келечек ээлери” деген темаларда баяндама жасашты.

Жолугушуунун алкагында Хулькар Исамова студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, өзүнөн ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда ОшМУнун алдыңкы алты студентине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы, эки студентине акчалай сыйлыгы тапшырылды.

Фото галерея