Москва мамлекеттик университети менен ОшМУ магистратура багытында кош дипломдуулук программасын ишке ашырат

Башкы Жаңылыктар

Москва мамлекеттик университети менен ОшМУ магистратура багытында кош дипломдуулук программасын ишке ашырат

Image

М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрү менен ОшМУнун ортосунда кезектеги видеоконференция болуп өттү. Иш-чарада эки окуу жайдын ортосунда   магистратура программасы боюнча «Колдонмо математика жана информатика» багытында биргелешкен билим берүү программасын түзүү  жөнүндө сүйлөшүүлөр орун алды.

Жолугушууга Москва мамлекеттик университетинин жооптуу өкүлү Петр Дергач,  ОшМУ тарабынан ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Д. Турсунов, «Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн» кафедрасынын башчысы Б. Азимов жана  кафедранын доценти Т. Жолдошов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен окуу пландарын жана келишимдин долбоорун талкуулашты. Сунушталган келишимге ылайык, биринчи курста магистранттар ОшМУда, экинчи курста Москва мамлекеттик университетинде окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин эки университеттин дипломуна ээ болушат.

Фото галерея