БЕКЕМБАЙ АПЫШ – ЧЫГААН ОКМУШТУУ ЖАНА РЕФОРМАТОР ПЕДАГОГ

Башкы Жаңылыктар

БЕКЕМБАЙ АПЫШ – ЧЫГААН ОКМУШТУУ ЖАНА РЕФОРМАТОР ПЕДАГОГ

Image

Белгилүү окумуштуу, педагогика боюнча ЖОЖдор жана мектеп мугалимдери  үчүн окуу китептерин, усулдук колдонмолорду кыргыз тилинде биринчи жарыкка чыгарган илимпоз Бекембай Апышевдин 90-жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция Педагогика жана психология факультетинде болду. Конференцияны педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова менен жамааты биргеликте  уюштурду.

Ага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, Лейлектеги №3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен өкүлдөр, Педагогика кафедрасынын окутуучулары  катышты.

Илимий-практикалык конференцияда Б.Апышевдин бейнесине арналган, анын педагогикалык ишмердүүлүгү, эмгектери боюнча докладдар окулду.

Бекембай Апышев 1974-жылы Москвадагы СССР педагогика илимдер академиясында кыргыз агартуучуларынан биринчи болуп элдик педагогиканын материалдарынын  негизинде кандидаттык диссертациясын коргогон алгачкы окумуштуу.

Ал эми 1993-жылы профессор наамына ээ болгон. Педагогика илими боюнча бир топ баалуу китептердин автору.  Б.Апышев педагогика илимине ийгиликтүү салым кошуу менен ОшМУнун өнүгүшүнө да зор пайдасын тийгизген.

Фото галерея