ОшМУда СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык компания башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык компания башталды

Image

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата окуу жайдын факультет, колледжеринин студенттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мында Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун адистери, Медицина факультетинин Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучулары студенттерге жугуштуу илдеттин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалыматтарды берүүдө. Ошондой эле катышуучулардан жеринде СПИДге карата анализдер алынууда.
“Бул иш-чара окуу жайдын бардык структураларында өткөрүлөт. Максат студенттерди жугуштуу илдет боюнча маалымат менен кабардар кылуу. Иш-чара 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган “ОшМУ жаштары сергек жашоо үчүн” бир айлыктын алкагында уюштурулган”-деди ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

Фото галерея