ОшМУ Ташкент медициналык академиясынын Ургенч филиалы менен келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ташкент медициналык академиясынын Ургенч филиалы менен келишимге кол койду

Image

Ташкент медициналык академиясынын Ургенч филиалынын директорунун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Давранбек Батыров жана аталган окуу жайдын башкы юристи Гайрат Нуруллаев ОшМУдагы иш сапарынын алкагында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдуллаев менен жолугушту.

 Анда эки университеттин ортосундa өз aрa билим берүү жана илимий кызмaттaштык багытындагы келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык эки окуу жайдын медицина тармагында билим алган студенттери, ординаторлору жана профессордук-окутуучулук курамы  академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташат. Андан сырткары биргелешкен  илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык долбоорлорго катышуу, конференция, конок лекцияларды уюштуруу маселелери да каралган.

“Биздин окуу жай Ташкент медициналык академиясынын филиалы болуп саналат. Медицина багытында 10 факультетибиз бар, жалпысынан 4000 студент билим алат, алардын ичинен 700 студент алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип билим алгандар. ОшМУ Кыргызстандагы эң ири жана белгилүү окуу жай. Медицина тармагында эл аралык факультети бар тажрыйбалуу университет деп билебиз. Биз тажрыйба алмашуу, кызматташууга кызыкдарбыз”,-деди   Ургенч филиалынын директорунун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Давранбек Батыров.

Иш сапардын алкагында коноктор ОшМУнун Медицина, Эл аралык медицина, медициналык клиникалары менен таанышат.

Фото галерея