"Мейкатон 2022" сынагында алдыңкы орунду ОшМУнун командасы алды

Башкы Жаңылыктар

"Мейкатон 2022" сынагында алдыңкы орунду ОшМУнун командасы алды

Image

Бишкекте өлкөдөгү программисттер арасында “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом” долбоорунун алкагында "Мейкатон 2022" сынагы өткөрүлдү.
Ага ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин программист окутуучулары Султан Камалов, Сыймык Равшанов жетектеген студенттер командасы катышып келди.
Сынакта Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынан иргелип алынган 9 команда ат салышты. Конкурстун негизги шартына ылайык 72 саат ичинде (3-күн) командалар балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртуучу жеткиликтүү жана ийкемдүү өздөрүнүн продукциясын жасашты. ОшМУнун командасы "Переводчик жестов" аталышындагы программа жасап чыгып, 1-орунду багындырып 1000$ акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Фото галерея