ОШМУГА САЯКАТ: ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

Башкы Жаңылыктар

ОШМУГА САЯКАТ: ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

"Үмүт" телестудиясынын факультеттерге болгон кезектеги саякаты Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде уланды. Бул көрсөтүүдө билим алууга түзүлгөн шарттар, илимий, өндүрүштүк базалар жөнүндө маалыматтар берилген.

Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142-токтому менен Ош мугалимдер институту ачылып, 1940-жылы анын базасында биринчи жолу табият таануу-география адистигине студенттер кабыл алынган.

1952-1953-окуу жылында Табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана дене тарбия кафедралары өз ишмердүүлүктөрүн алып барышкан.

1954-1955-жылдары Табият таануу факультети Биология факультети деп аталган.

1960-жылы жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер менен катар география боюнча жаңы адистер даярдала баштаганга байланыштуу факультет Табият таануу жана география факультети деп өзгөртүлгөн.

1966-1973-жылдары Табият таануу жана география факультети кайрадан Биология факультети деп аталып, аны б.и.к., доцент Б.Алышбаев жетектеп келген.

1985-жылы зоология кафедрасынын базасында география адистиги кайра ачылган.

Факультеттин өнүгүү тарыхында м.и.к., доцент Ч.Ж.Жумабаев (1974-1986), х.и.д., профессор Б. Мурзубраимов (1986-1988, (1990-1993), б.и.к., доцент А.Киргизбаев (1988-1990), х.и.к., доцент Д.Т.Алтыбаева (1993-1998), х.и.к., доцент А.Т.Токтомаматов (1998-2003), б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева (2003-2005), б.и.к., доцент О.Коланов (2005-2014), х.и.к., доцент Т.А.Мамытов (2014-2019) жетектешти.

2019-жылдын 19-январынан бери декандык кызматты г.и.д., профессор А.Г.Низамиев аркалап келүүдө.

Бүгүн Табият таануу, туризм жана агрардык  технологиялар факультети  түштүк аймакта гана эмес, Кыргызстандын жана Фергана өрөөнүнүн масштабында химия, биология, география, туризм жана геодезия багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча таанылган билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет.

Даярдагандар: «Үмүт” телестудиясынын “ОшМУга саякат” берүүсүнүн алып баруучусу Айпери Мамытбекова. Оператору Нурсултан Бакай уулу. Монтаждаган Жолдош Шермаматов.