ОшМУнун психологдору сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун психологдору сыйланды

ОшМУнун психология кафедрасынын окутуучулары, магистрлери жана студенттери окуу жайдын ыраазычылык каты, мактоо баракчасы жана "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси менен сыйланышты.

Алар Баткендеги кыргыз-тажик окуясынан жабыр тарткандарга биринчи психологиялык жардам  көрсөтүшкөндөр.

Сыйлоо аземи Дүйнөлүк психологдордун күнүнө карата уюштурулган "Кыргызстандагы психологдордун ишмердүүлүгүнүн мааниси" аттуу форумдун алкагында уюштурулду.

Психологдордон түзүлгөн ОшМУнун мобилдик тобу 2010-жылдан бери Кыргызстандагы түрдүү кырдаалдарда жардам көрсөтүп келет.

Бул тууралуу  толук маалымат “Үмүт” телестудиясынын материалында.