Брунел университети менен магистратура, PhD докторантура багыттарында келишимге кол коюлат

Башкы Жаңылыктар

Брунел университети менен магистратура, PhD докторантура багыттарында келишимге кол коюлат

Image

Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Брунел университетинин саламаттыкты сактоо департаментинин директору Джон Коссар жана илимий кызматкер  Ел Мар Кал ОшМУда болуп, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосунда медицина тармагындагы магистратура жана PhD  докторантура багыттарында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүк, маданий, билим берүү, илим изилдөө жааттарындагы кызматташтыктарды камтыган келишим боюнча пикир алышты.

Буга чейин ОшМУнун ректору Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Брунел университетинде болгон. Анда окуу жайдын жетекчилиги менен коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багыты боюнча магистратура жана PhD  докторантура программаларын ишке ашыруу  келишимдерине кол коюу маселелерин талкуулашкан.

“Брунел университетинен жооп иретинде келген делегация эки күн аралыгында ОшМУнун ишмердүүлүгү менен таанышат. Кызматташуу келишимине камтылган маселелер боюнча байкоо иштерин алып барат. Окуу жайдын Эл аралык медицина факультети, медициналык клиникалары менен таанышып, профессордук-окутуучулук курам, студенттер менен жолугушат”,- деди Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов.   

Брунел университети  Батыш Лондондогу эл аралык университет болуп саналат. Университеттин магистратура программасында 120 өлкөдөн келген 1700дөн ашуун студенттер билим алышат.

 

 

Фото галерея