“Нур” гезитинде жүрүп, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборун түздүк

Башкы Жаңылыктар

“Нур” гезитинде жүрүп, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборун түздүк

Image

Улукбек Омокеев, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрагасы, акын:

“Нур” гезитинде жүрүп, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборун түздүк

Мени “Нур” гезитинин редактору болуп, 2011-жылы, сентябрда Каныбек Исаков агайыбыз сунушу менен келгенмин. Ошондо агайдын  айткан сөзү эч эсимден кетпейт. “Биз бул гезитти жаштарды өнүксүн, өссүн алдыга карай умтулсун деген максатта ачтык. Өзүңдү жакшы жакка өнүктүрүп, студенттер менен тыгыз иштеш”-деген. Ошондон бери 2017-жылга чейин редактор болуп иштедим. Ошол убакыттын ичинде көптөгөн шакирттер өстү, улан-кыз жигиттер баралына келди, белгилүү журналисттер “Нур” гезити аркылуу тарбияланып, коомго таанымал болушту. Биз келгенге чейин өз милдетин аткарып келген гезит, ошол убакта да өз миссиясын татыктуу аткарды. Мен келген учурда гезит биринчи басылып чыккандан кийин бир жыл убакытка жабылып, кайрадан колго алынган, ак кара түстө чыгып келиптир. Биз келгенден кийин эки жолу гана, ак-кара түстө чыгып, андан кийин Бишкектеги ММКалардын колдоо борбору басмаканасы менен келишим түзүп,  түстүү кылып чыгара баштадык. Логотибин жаңылап, “Жаштык бул жигер” деген лозунгду алмаштырдык. Азыр да ушул логотипти колдонуп келебиз. “Нур” гезитинин ичинде “Поэзия клубу”  ачылып, жаш калемгерлер келип, кошулуп олтуруп, бир чоң чыгармачыл топ пайда болду, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору түзүлдү. Азыркы учурда “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору  шаардык,  республикалык денгээлде өз алдынча борбор болуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Гезиттин күжүрмөн тобу гезит чыгаруу менен чектелбей, китеп, журналдарды чыгарып, бет ачарларын уюштуруп, жатаканаларга жолугушууларды, поэзия кечелерин өткөрүп турдук. Назгул Каныбекова, Сыдыкбек Апиш уулу, Айгерим Сайпилла кызы өңдүү акын кыз-жигиттердин китептерин “Нур” гезитинде иштеп жүрүп, команда менен чыгарып, ачылыштарын бирге өткөргөнбүз. “Нур” гезитинин “20” жылдыгына арнап шаардагы ММКдын башын бириктирип, спорттун футбол, волейбол түрү боюнча мелдештерди уюштуруп бердик. Ушул иш-аракеттердин баарын студенттер аткарып, кызуу эмгектенип, тажрыйба топтоп жатышты. Мен Журналистерге сабак берип, жылына эки чыгарылышты студенттер менен чыгарчубуз. Студенттер өздөрүнө өздөрү редактор, кабарчы, дизайнер, макетинен бери жасап чыгарышчу. Чыгарган соң уялып, толкунданып, сүйүнүп, кылган иштерине ыраазы болуп калышчу.

“Нур” гезити таланты бар  баардык жаштарга каалга ачып берет. Майрамдык кечелерди “Нур” гезитинин кеңсесинде эле тосчубуз. Каныбек агайыбыз ар кандай концерттик программаларга билеттерди алып берип, барып катышкыла деп колдоо көрсөтүп турар эле. Ошондо Сыймык Бейшекеевдин концертинде “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунда жүргөн кызыбыз  “Nissan March” үлгүсүндөгү унааны утуп алган. Ар бир келген студентти текст жазуу менен машыктырабыз. Себеби, текст жазышты билбесе ал журналист боло албайт. Бир күнү “ЭЛТР” телеканалынын жанынан өтүп баратсам Гулзада Османалиева, Роза Эркинова деген эки кыз учурашып калышты. "Агай бизди штатка жумушка алышты, кантип өтүп кеткенибизди сурабайсызбы?" -деп каткырышты. "Ии кантип?"-десем. "Текст жаздырышты, анан биз текстен кыйналбай  өтүп кеттик эле эми мынтип штатка кирип атабыз. Сиз дайыма Текст жазгыла эринбегиле деп айтчу элеңиз го”,-деп кубандырышкан.  Ооба, көпчүлүгү текст жазуудан  кыйналышат. Эгер текст жаза албасаң эч ким эмессин, журналист текст жазганы менен айырмаланып турушу керек.  Кээ бир адамдар “Нур” гезитин анча тоготушчуу эмес,  “эрте эле экранга чыгып иштесем, элге таанылсам” деп тырышат. Аларга биринчи туура текст жаз, андан кийин гана калганы болот деп ар убак эскертип турчумун. Азыркыга чейин рахмат айтканы бар.

Гезит ММКга белгилүү инсандарды тарбиялап чыгарды, журналисттердин жүзү болгон, гезиттин баркын түшүрбөгөнгө колдон келген иш аракеттерди кылып келүүдөбүз. Гезитти чыгарууда көбүнчө  дизайн жасоодон кыйналчубуз. Дизайнды жасоо үчүн таңдар атып кетчү. 

Баары “менин биринчи интервьюм эч эсимен кетпейт” дегендей эле, менин да биринчи интервьюм эсимен кетпейт. 5-курсту бүтүп эле келип редактор болуп калгам. Филология багытында окугандыктан журналистика жаатында билимим жок. Акбар Сыдыков менен эжекенин махабаты тууралуу материал даярдагам. Андан кийин Каныбек Исаковдон интервью алдым. Жаңы жылга жакын агайга барып, жаңы жыл тууралуу суроо бесем, агай мага “билим берүү жаатында, университет жөнүндө суроо салсаң болбойбу, каяктагы суроолорду бербей, бар баштан суроо түзүп кел” деп чыгарып жиберди. Ойлонуп, түнү менен уктабай 5 суроону даярдап чыктым. Досторумдан, журналист эжекелерден сурап, суроо түзүп келип, эртеси интервью алдым, мен алган интервью кийин "Ош шамы”, “Жетиген” сыяктуу белгилүү журнал, гезиттерге да чыгарылган. Карап окуп олтуруп сыймыктанам, бирок, астына “даярдаган” деп өз аты жөндөрүн жазып коюшканын көрүп, жылмайып койгом.

Көп кызыктуу окуялар болду. Таза мугалим деген рубрика ачтык. Ал убакта студенттерден пара алат деген имиштер жүрүп жаткан. Көп мугалимдер арданып чыгышты. Эрнис Нурматов досум “Китеп окуунун пайдасы барбы же акылдууларга кат” деген аталышта рубрика ачты. Мен толтура китеп окугам, бирок, жашоосуна пайдасы тийбеген, китеп окугандар акылдуусунбагыла дегендей. Китеп окугандын пайдасын четке чыгарып салган. Анын ичинен Мурзакметов агай жооп жазган “Китеп окуунун пайдасы барбы же жокпу” деп. Экөөнүн диалогу абдан кызуу жүргөн. Журналист болуп иштеген жигитибиз сүйгөн кызына, бир бет кылып сүйүү баянын жазган. Аны окусаң ыйлайсын, күлөсүң, кийин ошол жазган каты  аркылуу кыз, балага келип, табышып, кийин экөө баш кошуп азыркы учурда бала-чакалуу болуп жашап атышыптыр.

Жаштардын башын бириктирген “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору менен көп жаратылыш койнунда эс алдык, Айгүл гүлү, Сары-Челек өңдүү кыргыздын айтып бүтпөс жаратылыштары чыгармачыл чөйрөгө өзгөчө таасирлерди калтырды. Жыл сайын Ак-буура эс алуу борборуна барып эс алуу салтка айланган. Биздин тармакта бир эле журналистика адиси эмес, башка тармактан да студенттерибиз бар эле. Гезит чыгып келгенден кийин айрым учурда каталарын көрүп, аларды оңдогондогу кызык күндөрүбүз эсибизден кетпейт.

Ректор мени эле чыгара бербей, мугалимдерди да чыгаргыла деп урушуп калар эле. Ошол себептен мугалимдерди көбүрөк чыгарууга аракеттенчүбүз. Исаковдун демилгеси менен “Эгиздер фестивалында” “Нур” гезити жамааты колдон келген жардамыбызды кошконбуз. Гезитке чоң кылып чыгарып бергенбиз. 

Мен гезитке, гезитти түзгөн инсандарга чоң рахмат айтам. “Нур” гезити аркылуу көптөгөн иштерди кылыптырбыз. Чыгармачылык менен иштеп, жаштарды ар тараптан колдоп жүрүптүрбүз. Алган интервью, жасаган видео роликтерибиз өзгөчө болуптур.

Дайыма ушунуңдан жазбай алдыда жүрө бер. Жаштарды колдогон, алдыга үндөгөн, “Жигердүү” жаштардын башын бириктирген гезит боло бергин. 30 жылдык маарекен менен “НУР”!