Евробиримдиктин элчиси ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Евробиримдиктин элчиси ОшМУда

Image

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон ОшМУга келди. Анда элчи айым университеттин ректору Кудайберди Кожобеков, окутуучулар, студенттер, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Digikonush жана Enactus долбоорунун өкүлдөрү менен жолукту.

Ошондой эле, ал окуу жайдын базасында ушул жылы ачылган  Digikonush санариптик көндүмдөр борборунда болуп,  аткарылып жаткан  иш-аракеттер менен таанышты. Мында айылдык жаштардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонуунун негизги көндүмдөрүн жана муктаждыктарын баалоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары презентацияланды.

Университетте жайгашкан “DigiKonush – санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын айыл жамааттарында ачык келечекти куруу” долбоорунун алкагында ар кандай багыттар боюнча санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүчү жайга айланган. Анда айыл тургундары санариптик көндүмдөрдүн курстарын нөлдөн баштап түзүүнү, «Түндүк», «Жарандык бюджет» мамлекеттик порталдарын, «Милдет» Telegram-ботторун жана башка тиркемелерди колдонууну үйрөнүштү.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон университетке болгон сапарынын алкагында ОшМУнун “Ардактуу коноктор китебине” кол жазмасын калтырды.   

Фото галерея