“Үмүт” телестудиясы жаңыланды 

Башкы Жаңылыктар

“Үмүт” телестудиясы жаңыланды 

Image

ОшМУнун “Үмүт” телестудиясы жаңыланып,заманбап техникалык жабдыктар менен толукталды. Кечээ 25-ноябрь күнү студиянын ачылуу аземи болуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган ректордук жамаат, Ош шаарындагы ММКнын өкүлдөрү, журналисттер катышып, лентасы кесилди. Ошондой эле студенттик “Нур” гезитинин 30 жылдык маарекси белгиленди.

«Үмүт» телестудиясы 1998-жылы ОшМУнун ошол кездеги ректору Бектемир Мурзубраимов жана тарбия иштери боюнча проректору Каныбек Исаков тарабынан 12-октябрда ачылган.

Университеттин базасында студенттик телестудияны ачуунун негизги максаты - таланттуу жаштарды колдоо, маданият, искусство, илим-билим жаатындагы маалыматтар менен теле көрүүчүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле жаштар үчүн пайдалуу кеңештерге бай, тарбиялык маанидеги жана оюн-зооктук программаларды даярдоо, видео архивдик материалдарды сактоо болгон.

Учурда телестудия тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет. Ошондой эле журналистика тармагына кызыккан жаштарга практикалык жактан ар тараптуу өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Фото галерея